Жаңылыктар
18 , Янв, 12:13 1434

Жоламан Шаршенбеков тууралуу "Never give up" аталышындагы видеоролик жарыяланды

image

Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун чемпиону Жоламан Шаршенбеков тууралуу "Never give up" аталышындагы видеоролик жарыяланды. Аталган видеону "Uww Asia" инстаграм баракчасы чыгарды. 

Видеодо Жоламан Шаршенбековдун буга чейинки мелдештердеги чечүүчү беттештерде 2-орунга жайгашуусу, чемпиондуктан кол жууп калган учуру жана Дүйнө кубогундагы алтын медалга чейин жеткен ийгилиги көрсөтүлгөн.


Белгилей кетсек, "Never give up" сөзүнүн кыргызча мааниси "эч качан чегинбе!"- деп которулат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз