Жаңылыктар
26 , Авг, 8:44 1407

Токио-2020: Өзбекстан Паралимпиада оюндарында алгачкы медалын утту

image

Токиодогу Паралимпиада оюндарында өзбекстандык суучул Ислам Асланов 100 метрдик аралыкта жарышка катышып, коло медалды утуп алды.

25-августта Өзбекстандын Улуттук паралимпиадалык комитети бул өзбек курама командасынын Паралимпиада оюндарындагы алгачкы медалы экенин билдирди.

Токиодогу Паралимпиада оюндарына Өзбекстандан 48 спортчу спорттун 8 түрү боюнча катышууда.

2021-жылдын 24-августунан тартып 5 -сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар Токиодо өтөт. Ага 162 өлкөдөн 4400 спортчу катышууда. Арасында качкындар курама командалары да бар.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз