Азыр эфирде
18:35
“Мээрим”
19:05
“Китеп дүйнөсүнө саякат”
ОНЛАЙН угуу
погода Бишкек прогноз погоды
20-октябрь, 2014, дүйшөмбү, Бишкек убактысы: 19:01
Тектеш макалалар

Памирлик кыргыздар азайып баратат

Жарыяланган күнү: 13-ноябрь 2013-ж. 20:09
577    0
Басып чыгаруу
Ооганстандын аймагында жашаган памирлик кыргыздар дарыгердин жоктугунан каза болуп, саны азайып жатат. Этникалык кыргыздар идишти кум менен тазалап, колду жуубай тамактанат. Мунун баары жугуштуу ооруларды козголушуна түрткү берет.  Кыйынчылыкта жашаган кыргыздардын турмушуна Уланбек Дыйканбаев күбө болгон.
Чоң  Памирдин жашоочусу Төлбай ажы: “Ичим ооруйт, буту-колум сыздап күйүп жатат. Дары жок, эч нерсе кыла албайбыз, кудайдан аман калалы деп, тиленип жатабыз.”
Оогандык кыргыздар сыркоологондо көрүнөйүн десе оорукана, ичейин десе дары-дармек жок. Көбү дары эмне экенин биле бербейт, илдетке чалдыкса Төлбай ажыдай болуп төшөтө жатып калбоо аракетин кылат. Жатып калгандары кайра бутуна тура албай, каза болгон учурлар көп болгон. Эки Памирдеги кыргыздар бийик тоо койнунда жашайт, климаты катаал, жаан-чачын, кар көп жаагандыктан  өзгөчө аялдар менен жаш балдар арасында өлүм-житим көп. 
Кичи Памирдин жашоочусу Султан  Абдылганы: “Аялдар, жаш балдар сууктан өлүп калып жатат. Оорукана жок, бара албайбыз эч кайда.”
Жаратылыштын оор сыноосуна кабылган этникалык кыргыздар ооган бийлигинен жардам сурап, өлкө башчы Хамид Карзайдын өзүнө чейин бир нече ирет барган.  Жол, оорукана, мектеп куруу, жана башка шарттарды түзүп берүү убадалары берилгени менен бири да аткарыла элек. 
Кичи Памир кыргыздарынын ханы Рушан ажы: “Ооган бийлиги бизди карай алган жок, биз Хамид Карзайга көп бардык, ооба деп убада кылат да, эч нерсе кылбайт.”
Кароосуз калган тоо башындагы кыргыздардын катуу ооруганы Тажикстандын Мургаб районуна 4-5 күндөп жол жүрүп келип дарыланат. Бирок баары келе албайт, мындай мүмкүнчүлүк колунда барларында гана бар. Ат арытып, оорудан жаны кыйналган кыргыздар чек арадан өтө албай кайра артка кайткан учурлар болгон. Анткени алардын паспорту же башка документи жок. Тажик күч түзүмдөрү коё бербейт. Тоскоолдуктарга карабай акыркы жылдары ооруканага жеткендер аз эмес. 
Тажикстандын Мургаб райондук ооруканасынын башкы дарыгери Хуросони  Хуросониев: “Памирлик кыргыздар көбүнчө бруцеллез жана башка жугуштуу ооруларга көп чалдыгат, ички органдары жабыркаган, өзгөчө гинекологиялык оорулар менен жабыркашат экен.  Буга чейин мынча көп кайрылган учур болгон эмес, быйыл массалык түрдө жардам сурагандар көп болуп жатат. Баарынан тактап кетчү нерсе, өнөкөт дарт менен ооругандар аныкталды.”
2003-жылы памирлик кыргыздардан Кыргызстанга кат келип, алардын көчүрүп алуу демилгеси көтөрүлүп, Чоң Алайдан 200 гектардай жер да бөлүнгөн. Бирок президенттик тактыга жаңы ээ болгон ооган президенти Хамид Карзай макулдугун берген эмес. 
Жогорку Кеңештин аппаратынын социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова: “Чыны менен Улуу жана Кичи Памир маанилүү жер. Бирок башка адам тура албайт, кыргыздар кийик өңдүү чек ара кайтарып жашайт. Алар жыл сайын азайып баратат.”
Памирдеги кыргыздардын айрымдары гана 60-70 жашка чыкпаса, көпчүлүгү эрте кетет. Аялдар 44, эркектер 46 жашка чейин жашайт. Буга тамак-аш менен жер-жемиштин аздыгы себеп. Бул жердегилердин болгон тамагы - топоз менен койдун эти, сүт жана нан. Анан да, бул жердегилер колду жуубай тамактанууга көнүп калган. Булу да болсо адамдардын ооруп калышына себеп болууда.
 
 
Уланбек Дыйканбаев, Алмаз Кариев, Коомдук биринчи канал, Ооганстан.
 
 
 

Жаңылыкка шилтеме: http://ktrk.kg/ky/content/pamirlik-kyrgyzdar-kyrylmay-boldu

Система Orphus Эң кызыктуу, Коом
Тиешелүү макалалар:
Сайтка ой-пикир жазуу эрежелери
Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө жакында эле Ооганстандын Улуу-Памир жана Кичи-Памир (Сары-Кол...
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө жакында...
Бишкекте жарандардын биометриялык маалыматтарын массалык чогултуу башталды. 16 жаштан жогору...
Кыргызстан Бажы биримдигине киргенге чейин монополияны жөнгө салуу мыйзамын күчөтүү керек. Бул...
Бүгүн Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайда жаш курсанттар ант берди. Быйылкы окуу жылында 100...
  Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн жер алдынан байланыштырган оптика-волокондук магистралы...
Алыскы Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында таза суу чыгарылды. Буга чейин айылдыктар арыктан...
  Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин...
Бүгүн Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев бир күндүк иш сапары менен Жалал-...
Укук коргоочулар чет элдик тыңчылар жана бачабаздар тууралуу мыйзам долбооруна каршы. Бул тууралуу...
Сыртта кармалып кор болбош үчүн керек документтерди камдап алуу керек. Орусияда иштөөгө уруксат...
Орусиянын “кара тизмеси” мындан ары дагы кеңеймекчи. Расмий булактардын маалыматы боюнча учурда 60...
ВИЧ илдетине чалдыккан баланы жектеш керекпи? Учурда бул маселе коом ичинде курч турат.  Дарыгерлер...
Электр энергиясын сырттан алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргыз өкмөтү электр энергиясын Түркмөнстандан...
  Сүрөт көргөзмө дүйнөлүк азык-түлүк күнүнүн урматына үй-бүлө жана чакан фермердик чарбаларга көңүл...
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын инспекторлору чет элдиктердин аңчылык...
  Кыргызстанда  "Республика-Атажурт" партиясы аренага келди. Аты айткандай, жаңы партия "Республика...
  Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Резаханова Зита менен Гитага материалдык жардам...
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театрында Индиянын бийчилери өнөрүн тартуулашты. Индиянын...
Сузак районундагы малчыларды издөө уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сегиз...
Барчын жергесинде өткөн Токтогулдун 150 жылдыгына арналып 150 ак өргө тигилип, 7 ордо уюшулду. Ал...
Бүгүн Кыргызстанга Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко...
  Бишкекте балдар үйлөрү арасында "Ынтымак Кубогу - 2014" атту кайрымдуулук футбол турнири...
Бул туурасында акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин отчетунда айтылат. 2010-жылы республикада 18 миңден ашык...
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорлугун шайлоодо көпчүлүк добушту Алтай...
Ордо калаадагы түнкү клубдардын биринде орун алган украиналык "Kazaky" бий тобунун концерти...
  Ар улуттун өкүлдөрү катышкан кезектеги достук фестивалы “Ыйык мекен ынтымак кучагында” деп аталды...
Баткен облусунда милициянын 9 аймактык бөлүмчөсү ачылды. Анда участкалык кызматкер үчүн бардык...
Бишкекте жарандардын биометриялык маалыматтарын массалык чогултуу башталды. 16 жаштан жогору...
    Быйыл Талас облусунда кош майрам. Облустун 70 жылдыгы жана “Манас жылы” белгиленүүдө. 70...
Ала-Тоо программасы 18.10.2014
Ала-Тоо программасы 17.10.2014
Ала-Тоо программасы 16.10.2014
Нарын көрсөтөт: 15.10.2014
Ала-Тоо программасы 15.10.2014
Биздин алып баруучулар
Нуржамал Бурханова
Алмаз Касымалиев
Бактыбек Мамытов
Алтынай Сагындыкова