4 , Сент, 15:27 89

Быйыл 80 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда

image Фото: www

Быйыл 170 миң тургун отурукташкан 80 айылды таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу пландалууда.  Бул тууралуу Мамлекеттик суу чарба агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов  өкмөттүк брифингде кабарлады.

Анын айтымында, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен каражат каралууда.

Өткөн жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча 500 млн сом каралып, Кыргызстандын 38 айылында тутумдар курулуп, ишке киргизилгенин тастыктады.

С.Момуновдун айтымында, учурда 15 айылда жумуштар аяктады.

"2024-жылга чейин биз 822 айылда таза ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарынын курулушун бүтүрүшүбүз керек", - деди ал.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз