Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

24 , Янв, 9:48 7025

"Керээз" спектакли театр сүйүүчүлөрдүн назарында

image

Драматург Кайрат Иманалиевдин Боромбай бийдин өмүр таржымалын чагылдырган “Керээз” пьесасынын бет ачары өттү. Театр сүйүүчүлөрү тарыхый чыгарманы зор ынтаа менен көрүп, ага жогору баа беришти. Пьесада кыргыз элинин 19-кылымдагы азаптуу күндөрү камтылган. 



Улут урууга бөлүнүп чабышып, ырк кеткен заман. Бүтүн хандык түзүүдөн майнап чыккан жок. Бул сырткы душмандарга гана ыңгайлуу болду. Мына ушундай оор күндөрдө элди туңгуюктан алып чыга турган чечимдер керек эле. Боромбай бийдин керээзи анын даңазалуу бейнесин ачып көрсөтөт.



Бугу уруусун башкарган Боромбай бий кыраакы башкаруучу, ошол эле учурда элдин пайдасына карап тил табышууга жөндөмү бар жана жаңы турмушка үндөгөн инсан болгонун тарыхчылар кайталап келишет. Анын каада-салтты, улуттук баалуулуктарды сактап калууга да жан үрөгөн жайы бар. Бирок зор эмгектерине карабай адабиятта ал тууралуу чыгарма алгачкы ирет жарык көрдү. Тарыхый пьеса драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык.

Боромбай бийдин ролун Эржан Осмонов аткарды. Спектаклди элге тартуулоодогу Марат Козукеевдин эмгеги да жогору бааланды. Бул анын эң соңку режиссердук эмгеги. 

Чыгарманы сахналаштырууда бар күчүн жумшап, даяр болгондой кийин көркөм кеңешке көрсөтөөр алдында көз жумган. Театр сүйүүчүлөрүнө руханий рахат тартуулаган ар бир катышуучу өнөрпозго алкыш айтылды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда