Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

31 , Окт, 12:14 259

Азамат Жаманкулов "Маданият-Тарых-Тил" каналынын жамааты менен жолукту

image

Кечээ, 30-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Коомдук телерадиоберүү корпорациясында болду.  Ал, корпорациянын башкы директору  Жайнак Үсөн уулу жана маданий берүүлөрдү даярдаган "Маданият-Тарых-Тил" каналынын жалпы жамааты менен жолукту. 

Жолугушуу учурунда КТРКны башкы директору Жайнак Үсөн уулу менен аталган каналдын  продюсери Назира Аалы кызы учурда маданият темасын элге жеткирүүдө кандай иштер жасалып жаткандыгы тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары алдыда пландалып жаткан долбоорлор дагы айтылды.  Жолугушуу эркин форматта уланып, чыгармачыл жамааттын суроо-жооптору менен толукталды.

Өз кезегинде министр Азамат Жаманкулов телеканалда иштеп жакан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, бул багытта биргелешип иш алып баруу зарылдыгын да баса белгиледи.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда