Жумакайрык: жекшемби, 20.10.2019 (21:00)

216

1. Түрк тилдүү мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланган жыйынга катышуу үчүн Президент Сооронбай Жээнбеков Баку шаарына барды.

2. Россиянын мамлекеттик думасында "Евразия интеграциясынын Алтай багыты" аталышында жыйын өттү. Жыйынга чогулгандар Евразия интеграциясынын өнүгүү процесстерин тереңдөөнүн жолдорун, өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоо маселесин талкуулашты.

3. Элеттик аялдардын экономикалык абалын жакшыртуу. Өзгөндүн Прогресс айылында жыл башынан бери кыз-келиндер үчүн 60 жумуш оруну түзүлгөнү маалым болду. Миргүл

4. Композитор жана дирижёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Социалистик Эмгектин Баатыры Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы анын кичи мекени Ак-Талаа районунун Терек айылында белгиленди.