Шоу-бизнес жанылыктары

15 , Фев, 8:59 1452

А.Джоли Бред Питт үчүн актрисалык карьерасын таштоону чечти

image

Бред Питт менен Анджелина Джолинин мамилелерине чекит коюла элегине карабастан (официалдуу түрдө ажырашыша элек), Анджелина чечкиндүү түрдө Лос-Анжелестен Лондонго көчүп кетип, саясат менен алек болуу жөнүндө чечим кабыл алды. Ал мындай чечимин, мурунку жолдошу менен бир шаарда жашап, кез-кези менен көрүүшүсүн каалабагандыгы менен түшүндүргөн.

Азыр Анджелина актрисалык карьерасын толугу менен жыйыштырып, саясатка олуттуу  киришип, Лондонго кетүүнү көздөп жаткан кези. Лондондо Улуу Британиянын өкмөтүндө качкындардын иши боюнча кеңешчи  болуп иштөөнү пландоодо.

Актрисага жакпаган дагы бир жагдай, Брэд мурдагы сүйгөнү Дженнифер Энистон менен мамилесин жандандырып, балдарын тааныштырган. Бул окуядан кийин Анджелина балдары алып Иорданияга кетип, актердун жинин келтирген.

Анджелинанын бул чечими да актерго чоң сокку болуп, экөөнүн урушу дагы жанданаары айтпаса да ачык болууда.

Категория: Дүйнө