Шоу-бизнес жанылыктары

19 , Июнь, 15:14 525

Казакстандык ырчы Say Mo Тиматинин чакыруусун четке какты.

image

Ырчы  Бактыгүл Бадыева Түркияда эс  алууда. 

Кыргыз  эстрадасынын ажарлуу ырчысы Бактыгүл Бадыева азыркы учурда Түркиянын Анталия шаарында үй-бүлөсү менен эс алууда. Бизнесин ийгиликтүү жүргүзүп жаткан ырчы айым ушул эс алуудан келген соң чыгармачылыкка киришип, жаңы ырларды жарыкка чыгарууну ниет кылууда.



DELMAR” тобунун экс-солисти Азат Раимбердиев кайрадан  сахнада. 

Бир учурда популярдуулукка ээ болгон “DELMAR” тобу чыгармачылыктан алыстап кеткени баарыбызга маалым. Топтун экс-солисти Азат Раимбердиев бир нече жыл Казакстанда эмгектенип, учурда Кыргызстанга кайтып жаңы “RA” аттуу каймана аты менен жаңы ырлардын үстүндө иштеп эмгектенип жаткан мезгили. RA бул Азат Раимбердиевдин аты-жөнүнөн кыскартылып алынганын билдирет. Учурда жаңы ырларды, клиптерди тартып жаткан ырчы жакында жеке чыгармачылык кечесин өткөрүүнү пландоодо.


Казакстандык ырчы Say Mo Тиматинин чакыруусун четке какты.

"Песни на ТНТ" долбоорунун катышуучусу казакстандык ырчы Say Mo Тимати менен кызматташуудан баш тартты.  "Расмий  түрдө кайрылуу жасагым келет, мен эркин артистмин! Тиматиге чакыруу үчүн  рахмат! Мен мындан аркы чыгармачылык жолумду өзүм курууну чечтим. Рахмат  сиздерге", – деп жазылат кайрылууда. Ырчынын көптөгөн күйөрмандары бул чечимин колдогонун билдирсе, кээ бири "Чакырууну  кабыл алганың жакшы болмок" – деген пикирин билдиришкен. Say Mo "Песни на ТНТ" сынагынын жарым финалына чейин жеткен. Күйөрмандар анын сахнада өзүн алып жүрүүсүн америкалык реп аткаруучу Карди Биге окшоштурушат.


 


Категория: Маданият