Шоу-бизнес жанылыктары

20 , Июнь, 15:07 408

"Adem" бий тобунун жигиттери америкалыктарды таң калтырды

image

"Adem" бий тобунун жигиттери америкалыктарды таң калтырды.

Кыргызстандан чыккан таланттуу мырзалардан түзүлгөн "Adem" бий тобу АКШда өтүп жаткан "America's Got Talent" долбооруна катышып, тандоо турунан өттү. Бийчилердин таң калтырган видеосу аталган долбоордун социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланган. Бийчилер Mortal Kombat видео-оюнунун негизинде электр бийин бийлеп калыстарды, залдагы күйөрмандарды таң калтырган. Соңунда калыстар тобу баары бир ооздон "ооба" дешип, "Adem" тобу тандоо баскычынан кийинки турга өттү. Белгилей кетсек, долбоордун уюштуруучулары бийчилерди өздөрү чакырган.


Ырчы Бегимай Карабаева кайсы ырчы мырза менен дуэт аткарды?

Бир кездерде көптөгөн жагымдуу ырларды ырдап, жеке ырчы катары таанылган Бегимай Карабаева учурда Мурадил Данияров менен “Жеңе” аттуу ыр жаздырып, ырга клип тарттырууну пландоодо. Жакында жаңы ырды жарыкка чыгара турган дуэттер азыркы учурда клиптин үстүнөн кызуу иштеп жаткан мезгили.

Белгилей кетсек, бул ырды автору Кубик Калыков буга чейин белгилүү ырчы Асель Турдалиева менен бирге ырдап келген.

Азиза, Айнура, Роза “Жеңелер” аттуу ырына клип тарттырышты. 

Айнура Салахидинова, Роза Шакирова жана Азиза Адиева 14-июнь күнү “Жеңелер” аттуу ырына клип тарттырышты. Жеңелердин образын жараткан кыргыз эстрадасынын ырчылары жана белгилүү актрисалар болду. Алардын катарында ырчы Динара Акулова, Кенже Көбөкова, Фарида Карбосова, Гүланда жана актриса Альбина Имашова бар. Бул клипке жакында күбө болосуздар.



Сиздер шоу бизнес жаңылыктары менен тааныштыңыздар! Жаңылыктарды www.ktrk.kg сайтындагы радио бөлүмүндөгү “Миң кыял FM” баракчасынан жана facebook’тагы “МИҢ КЫЯЛ FM” радиосунун расмий баракчасынан ошондой эле instagram’дагы min_kiyalfm баракчасынан окуй аласыздар.


Категория: Маданият