Шоу-бизнес жанылыктары

21 , Июнь, 14:31 284

Данияр Эрматов спортчуларга арнап ыр жаздырды

image

Данияр Эрматов  спортчуларга ыр арнады

Кыргыз эстрадасынын таланттуу ырчысы Данияр Эрматов спортчуларга дем-күч берүү максатында, кыргыздын намысын коргоп жүргөн эр азаматтарына арналган “Кыргызмын” аттуу ырын жарыкка чыгарды. Бул ырга учурда клип тарттырууну пландап жүргөн ырчы: “Буга чейин мен көптөгөн спорттук иш-чараларга  катышып, күбө болуп келгем, спортту сүйгөн   күйөрмандар үчүн ыр арноону туура көрдүм” – деп билдирди.

Нурмат Садыров жогорку окуу жайын аяктады

Көптөгөн жагымдуу ырлары менен кыргыз элине таанылган Нурмат Садыров 2019-жылдын эсебинен Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана искусство университетин ийгиликтүү аяктады. Жогорку окуу жайды аяктап, быйыл гана дипломго ээ болгон ырчы азыркы учурда тынымсыз эмгектенүүдө. Жакында “Келчи, келчи” аттуу ырына сүйүүнү даңазалаган клип тарттырууну жана жаңы ырларды жарыкка чыгарууну пландоодо. Азыркы учурда ырчы Нурмат Садыров Москва шаарында жүргөн мезгили.


Жаңылыктарды www.ktrk.kg сайтындагы радио бөлүмүндөгү “Миң кыял FM” баракчасынан жана facebook’тагы “МИҢ КЫЯЛ FM” радиосунун расмий баракчасынан ошондой эле instagram’дагы min_kiyalfm баракчасынан окуй аласыздар.

Категория: Маданият