Шоу-бизнес жанылыктары

25 , Июнь, 17:16 314

Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу Кытайдагы сынактын финалына чыкты

image

Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу  Кытайдагы сынактын финалына чыкты  

Кытайда өтүп жаткан "World’s Got Talent" сынагына Кыргызстандан катышып жаткан бийчи Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу финалга чыкты. Бул тууралуу Атай Өмүрзаков социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты. "TOTEM" тобу финалга өтүп, 2019-жылдагы дүйнөнүн 8 мыкты артисттеринин катарына кошулду. Аталган долбоорго 50 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Долбоордун жарым финалында АКШ, Венгрия, Монголия, Испания жана Ирландия өлкөлөрүнүн таланттары ат салышты. Бийчилер учурда финалга кызуу даярданып жаткан чагы.

Белгилей кетсек, финал 2019-жылдын 11-июлунда Кытайдын Чанша шаарында болот. Атай Өмүрзаков бардык колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.


Ырчы Кайрат Кыргыз стилин өзгөрттү 

Өзгөчө стили жана ырлары менен кыргыз сахнасында жүргөн ырчы Кайрат Кыргыз учурда жай мезгилине жараша оригиналдуу образ менен стилин өзгөрттү.  Ырчынын образынын үстүнөн белгилүү стилист Замира Молдошева иштеп жаткан чагы. Учурда чачын ачык түскө боётуп, ачык түстөгү кийимдерди даярдап, жаңы ырларды жаздыруу менен алек болууда. Өзгөчө стилге ээ болуп жаткан Кайрат Кыргыз ар дайым өзгөчөлүк жаратып жана өзгөрүп турууну кааларын билдирди.



Юлия  Руцкая жеке бизнесин ачты 

Ырчы Юлия Руцкая борборубуздагы бир нече соода борборлорунун ичинен айымдарга арналган ювелирдик аксессуарларды сатуучу жеке бизнесин ачты.  Дүкөндөн бир нече кооз аксессуарлардын түрлөрүн тапсаңыздар болот. Өзгөчө кооздукту жана оригиналдуулукту жактырган ырчы аксессуарларды  Түркиядан алып келүүдө. Белгилей кетсек, өзү беларусь улутунан болсо дагы, Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр” деген ырын кыргыз тилинде ырдап чыккан Руцкая “Кызыл гүл менмин кызыл гүл” жана “Аппак сүйүү” ырлары менен кыргыз элине таанылган.



Категория: Маданият