Шоу-бизнес жанылыктары

26 , Июнь, 21:24 890

Мирбек Атабеков туулуп-өскөн айылына концерт берди

image

Мирбек Атабеков туулуп-өскөн  айылына концерт берди 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, көптөгөн хит ырлардын аткаруучусу Мирбек Атабеков кечээ Талас районунун Жон-Арык айылында атасы Бообек Атабековдун жаркын элесине арналган эскерүү концертин өткөрдү. Атасынын көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Бул тууралуу Мирбек Атабеков инстаграммдагы өздүк баракчасына жарыялады.

Анда "Тилекке каршы атамдын тирүү өңүн, тарбиясын көрбөй калсам дагы, мен Бообектин уулу болуп калганыма сыймыктанам, өзү аз жашаса дагы элдин батасын алып, элине кылган кызматын бүгүнкү күнгө чейин угуп келем" – деп жазылган.

Ырчынын атасы маданият тармагына кызмат кылган инсан болгон.

Кеченин коноктору Нурлан Насип, Бек Исраилов, Толгонай Арзыкеева, Өмүрбек Андарбеков жана башка ырчылар болду. Ал эми алып баруучулук тизгинди Канай Анаркулов колго алган. Мирбек Атабеков 1986-жылы 11-августта Талас областынын Талас районундагы Жон-Арык айылында жарык дүйнөгө келген.  Белгилей кетсек, ырчы 14-июль күнү Санк-Петербург шаарында  жандуу үн коштолгон "Мурас" аттуу концертин тартуулайт.


Сайкал  Садыбакасова учурда клип тарттыруу менен алек

Ырчы Сайкал Садыбакасова учурда клип тарттыруу менен алек. Репертуарындагы "Жалгызым" жана "Сени тандадым" аттуу жаңы ырларына клип тартылууда. "Жалгызым" аттуу ырынын клиби жаңыдан турмушка аттанып жаткан кыздарга арналат, ал эми "Сени тандадым" аттуу ырынын клибинде сүйүү баяны чагылдырылат. Мындан сырткары, Сайкал Садыбакасова "Кыз Бурак" тобунун үстүнөн иштеп, алардын жаңы ырларына дагы клип тарттырып жаткан учуру. Кызуу эмгектенип жүргөн ырчы “Күз айларында дагы көптөгөн жаңы ырларды жана клиптерди күтсөңүздөр болот” – деп баса белгиледи.


Бийчи  Максат Токтоналиев кырк  жылкылуу болду

Бийчи жана хореограф Максат Токтоналиев 25-июнда кыздуу болду. Жубайы Азада кечээ борбордогу төрөт үйлөрүнүн  биринде эртең менен саат 7:00ге жетпей көз жарганы маалым болду. Учурда Азада айым менен кичинекей наристенин  абалы жакшы. Бийчи мырза кызына көптөн бери көңүлүнө түйүп жүргөн ысымды коеру,  ошондой эле ата-энеси менен кеңешип  чогуу ысым тандаары белгилүү болду. Максат Токтоналиев сүйүктүүсүнө 2018-жылы 20-июнда баш кошкон.


Категория: Маданият