Шоу-бизнес жанылыктары

27 , Июнь, 11:25 560

Самара Каримованын Ташкенттеги концерти аншлаг менен өттү

image

Самара Каримованын Ташкенттеги концерти аншлаг менен өттү 

25-июнда Ташкент шаарындагы Мукими атындагы мамлекеттик музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримованын "Маданият достукка чакырат" аттуу жеке концерти аншлаг менен өттү. Концертти оркестр коштоп турду. Максаты эки мамлекеттин ынтымагын бекемдөө. Ага Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси, КРнын эл артисти Ибрагим Жунусов дагы катышты. Самара Каримова Ибрагим Жунусовдун бир учурда хит болгон "Эламан" аттуу ырын аткарды. Ошондой эле  Өзбекстандык Озодбек Назарбеков, Ботир Кодиров өңдүү ырчылар менен дуэт ырдады. Ырчы эми Өзбекстандын Манас айылына дагы концерт коёт.


Ырчы Тамга жаңы ырын элге тартуулады

Өзгөчө стилдүү ырчы Тамга "Булбулуң" аттуу жаңы ырын күйөрмандарына тартуулады. Өзгөчө ыр тандоо табити менен айырмаланган ырчы буга чейин "Момпосуй" аттуу ырды жаздырып, дароо клип тарттырып көрүүчүлөрдүн назарына койгон. Ал клиби көптөгөн клиптерден айырмаланып заманбап стилде тартылган. Учурда бир нече клиптерди катары менен чыгарып, жагымдуу ырлары менен таанылып келе жаткан Тамга кызуу эмгектенип жүргөн мезгили.


Категория: Маданият

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз