Шоу-бизнес жанылыктары

16 , Май, 7:20 4444

Жакында!!! Жаңы долбоор: "Кыялдар орундалат"

image

“Миң-Кыял ФМ” радиосу 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата “Кыялдар орундалат” аттуу кайрымдуулук акциясын өткөрөт.

Ал үчүн Чүй облусундагы Беловодский айылындагы психо-неврологиялык балдар үй-интернатта тарбия алып жаткан балдарды колдоп, майрамдык маанай тартуулоо максатында, кыялын орундатууга аракет кылышат. 

Иш-чаранын негизинде балдар белгилүү эстрада жылыздары менен даамдуу тамак үстүндө баарлашып, кумирлеринен кол тамга ала алышат. 

Эгер сиз дагы кайдыгер карабасаңыз, колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болсо, демөөрчү болууга чакырабыз! Сурап билүү телефондору 0708-811-811.















Категория: Кыргызстан жаңылыктары