Шоу-бизнес жанылыктары

23 , Май, 13:06 610

Дженифер Лопес бала асырап алууну пландап жатат

image

Кесиптештери Анджелина  Джоли, Мадонна, Шарлиз Терон, Сандра Баллок, Хью Джекмандар сыяктуу,  Дженнифер Лопес өзүнүн сүйүктүүсү Каспер Смартом менен бала асырап алууну пландап жатышат. Азырынча кыз же бала экени белгисиз.

Маалыматка ылайык, үй-бүлөгө жаңы мүчөнүн кирүүсүнө ырчы айым азыр тиешелүү кагаздарды толтурууда. Дженнифердин мындай кадамга баруусуна Коста-Рикадагы балдар үйүнө барганда Каспер түрткү болгон. 46 жаштагы ырчынын Эмму жана Макса аттуу 2 баласы болсо, Каспердин балдары жок. Бирок, ал сүйүктүүсүнүн балдарын өзүнүкүндөй жакшы көрүп багып келет. 8 жаштагы эгиздер Касперди өз атасындай көрүшөт. Бала асырап алуунун дагы бир себеби, бала төрөгөндө дене түзүлүшү өзгөрүп кетет деп бала багып алууну пландоодо ырчы айым. 

Биринчи төрөттөн кийин арыктоо мен үчүн кыйын болгон”, - деп Дженнифер белгилеген эле.

Категория: Дүйнө