Шоу-бизнес жанылыктары

7 , Сент, 11:24 819

Алия Шагиева кийимдер коллекциясын чыгара баштады

image

Алия Шагиева, ажо Алмазбек Атамбаевдин кызы сүрөт тартканды жакшы көрөөрү баарыбызга маалым. 

“Өнөрүң болсо өргө чап “ – дегендей бул жөндөмүнө кийим тигүү чеберчилигин кошуп, “Алия” ысымы менен кийимдерди чыгара баштады.

 Болочок дизайнердин тиккен кийимдери ыңгайлуу жана ар түрдүү. Бул коллекциянын башкалардан өзгөчөлүгү өзүнүн тарткан сүрөттөрү жайгаштырылып, кийимдерге көрк берүүдө. Дизайнер Татьяна Кан жана анын командасы менен иштеп чыгышты. 

Эң негизгиси бул сатуулардан түшкөн каражаттын көбү даун синдрому менен ооруган “Сантерра” Коомук фондуна өткөрүлүп берет.


Категория: Кыргызстан жаңылыктары