Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Маанилүү

КТРК: Байкоочу кеңештин жыйыны өттү
19 Май, 3:12 12889

image

POST1RIGHTКечээ, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши алгачкы жыйынга чогулушту. 17 адамдан турган кеңеш ишти баштоодогу ойлорун ортого салып, талкуу жаралды. 

Анда Байкоочу кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралып, аны 22-май күнү тандоону кеңештин мүчөлөрү туура көрүштү. Келээрки дүйшөмбү күнү КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы шайланып, Коомдук телерадиоберүу корпорациясынын ишмердүүлүгүн арттыруудагы өз жумуштарын башташмакчы. 

Ошону менен катар Байкоочу кеңештин мүчөлөрү коомдук каналды жана ага караштуу каналдар менен радиолорду бир сыйра кыдырып, көрүп чыгышты.