Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Маанилүү

Кыргызстанда теле жана радио кызматкерлеринин күнү белгиленди
6 Дек, 10:18 2378

image

8-декабрь - Кыргызстанда теле жана радио кызматкерлеринин күнү. Кесиптик майрамды утурлап КТРКнын жетекчилиги айрым кызматкерлерин сыйлады. Маалымат каражаттарынын түрлөрү да, саны да көбөйүп жаткан шартта аттаандаштык өкүм сүрүп, телерадионун ишин, көрсөтүүлөрдүн мазмунун жакшыртуу аракети көрүлүүдө.

Узак жылдардан бери КТРКда эмгектенип келе жаткан Нарынбек Күрөңбаевдин “Таалимтай” берүүсү экинчи ирет эң мыкты долбоор аталды. Ден соолугунда жаралган көйгөй анын чыгармачылыгына тоскоол боло алган жок. Балдарга арналган көрсөтүү ютубдагы КТРКнын эң көп көрүүчүнү топтогон программасы. КТРКда кесиптик майрамга карата жыл ичинде жетишкен ийгиликтери эске алынып, бир катар кызматкерлер сыйланды. Көрсөтүүнүн бир жолку чыгарылышын даярдоодо эле көптөгөн кызматкерлердин кесиптик жөндөмү, мээнети талап кылынат. Баары телекөрүүчүлөр үчүн.

Студиялардын жаңыланышы, эки каналдын эң жогорку сапат болгон АшДи форматына өтүшү, иш издеген мекендештер көп жүргөн Россияда кабарчылык бөлүмдүн ачылышы, спутниктин артыкчылыгын пайдалануу өңдүү бир катар жетишкендиктер Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын быйылкы жылы ээ болгон ийгиликтери. Заман талабына ылайык жаңылануулар мындан ары да үзгүлтүккө учурабашы керек.

Ар бир телеканал берүүлөрүнүн мазмуну, багыты менен айырмаланат. Маалымат каражаттарынын түрлөрү да, саны да көбөйүп жаткан шартта атаандаштык маселеси ойлондурбай койбойт. Бирок телеберүүгө таандык өзгөчөлүктөр маанисин жоготкон жок. Кыргызстанда алгачкы жолу телекөрсөтүү 1958-жылы 8-декабрда обого чыккан. Бир учурда аптасына саналуу мүнөттөргө эфирдик берүү камсыздалса, эми бир эле КТРКнын алты телеканалы күнү-түнү көрүүчүлөрдүн назарында.