http://ktrk.kg/Желек, герб же гимнди мазактагандар мыйзамга ылайык айып төлөйт

Желек, герб же гимнди мазактагандар мыйзамга ылайык айып төлөйт

6 Март 2017 , 4:39 7003

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада Медеров жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн ээси мамлекеттик желекке аяр мамиле жасабагандыгын мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Дүкөндө иштегендер желекти тосмо катары колдонуп келген. Мындай аракет мамлекеттик символикаларга сый-урмат менен мамиле жасабагандык катары эсептелет. Бул фактыны Санитардык-экологиялык инспекциясы рейд учурунда аныктаган. 

Дүкөндүн кызматкерлери желекти алып салууга каршылык көрсөтүшкөн. 

Желек, герб же гимнди мазактагандар мыйзамга ылайык айып төлөйт. Тагыраак айтканда, 5 миңден 10 миң сомго чейин айыпка жыгылат же бир жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Дүкөн ээсине карата азырынча эч кандай чара көрүлө элек.

Новости по дате