http://ktrk.kg/Соцфонд: пенсия төлөмдөрү 10% көтөрүлөт

Соцфонд: пенсия төлөмдөрү 10% көтөрүлөт

17 Фев 2016 , 11:20 737

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны орто эсеп менен 10 пайызга чейин же 470 сомдон кем эмес көбөйтүү мерчемделип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында социалдык фонддун "2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароо учурунда айтылды. 

Ага ылайык, быйылкы жылдагы кирешенин суммасы 42 млрд 885 млн 485 миң сомду түзөөрү күтүлүүдө. Ошондой эле, 2016-жылы камсыздандыруу төгүмдөрү 24 млрд 828 млн сом өлчөмүндө болот. Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.



Новости по дате