http://ktrk.kg/Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атып түшүрүлүүдө

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атып түшүрүлүүдө

21 Март 2017 , 4:30 1160

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Бишкек-Ош унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында, 19-марттан 24-мартка чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Мындан улам кар көчкүнү атып түшүрүү иш-чаралары 20-мартта башталды.

Новости по дате