http://ktrk.kg/Өзгөндөгү жер көчкү бир үй-бүлөнүн өмүрүн алды

Өзгөндөгү жер көчкү бир үй-бүлөнүн өмүрүн алды

27 Март 2017 , 8:40 3906

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында, узундугу болжол менен 800 метрге, бийиктиги 4 метрге жеткен жер көчкү жүрүп, бир үй-бүлөнүн өмүрүн алып кетти. Өмүрзак Эгемкуловдун үй-бүлөсүндө 6 адам жашачу. Булардын төртөө жаш балдар болгон. Балдардын улуусу 1-класста окуп, эң кичүүсү бир жарым жашка араң толгон. 

Жер көчкү айыл аралап аккан сууну бөгөп калган. Табигый кырсыктын курмандыгы болгон үй-бүлөнүн сөөктөрүн табуу азырынча мүмкүн болбой турат. Анткени, көчкү саат сайын ылдыйлап, жер массасы төмөн карай жылууда.


"Агасы буга бир нече жолу турак-жайыңды таштап башка жакка көч, көчкү улам жылып баратат,- деп жакшы да айтты, жаман да айтып көрдү. Бирок маани бербей коюшту эле, акыры барып ушундай болуп калды эми, балдары баары жаш эле",- дейт маркум Өмүрзак Эгемкуловдун жакыны Элмира Эгемкулова.

"Азырынча көчкү жүргөн жерди тазалоо же, атуулдарын сөөгүн издөөгө болбой жатат. Себеби, мына өзуңүздөр байкагандай, улам көчкү ылдый карап жылып атат, эки-үч күнгө чейин издөө иштерин токтотуп турабыз",- деп билдирди ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов.

Зергер айыл аймагындагы кырсык болгон жерге президенттин атайын тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев барды. Сарыбашев, кырсыктан жабыр тарткандардын жакындарына жана кооптуу аймакта жашап жаткандарга мамлекет тарабынан жардам болоорун билдирди. 

Жардам демекчи, кырсык катталган жер буга чейин эле кооптуу аймактын катарына киргендиктен, ӨКМ тарабынан коопсуз жакка көчүү туурасында бир нече жолу эскертүү берилген. Айрымдары мамлекет тарабынан жер тилкелерин жана ссудаларды алганына карабастан, турак жай курган эмес. Бул фактылар боюнча азыркы тапта Зергер айыл аймагында алты жарандын иши сотко өткөнүн Зергер айыл өкмөтү билдирди. 

Жалпы Зергер аймагы боюнча алганда 135 турак үйдү чукул арада коопсуз жайга көчүрүү зарыл. Бул үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен чатырлар жана биринчи зарыл болгон жардамдар берилет. 

"Кооптуу аймактагылардын баарына эскертүүлөр берилген. Азыр ушул аймактагыларды милдеттүү т үрдө көчүрүп атабыз. Чатырлар келгенче бул үй-бүлөлөр айылдагы мектепке убактылуу жашап турушат",- деп маалымдады Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухаммед Бокошов.









Новости по дате