http://ktrk.kg/КТРК: Байкоочу кеңештин курамына талапкерлер каралууда

КТРК: Байкоочу кеңештин курамына талапкерлер каралууда

30 Март 2017 , 6:27 14176

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети кечээ Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселени карады. Анда байкоочу Кеңеш өзүнүн тарыхий миссиясын аткарды дегендер менен кошо, анын ишине сын айткандар болду. 

Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен коомдук телеканал түзгөн биринчи өлкө катары тарыхта калды. Байкоочу кеңеш институту 2011-12-жылдары киргизилген. Бул долбоор бүгүнкү коомдо зарыл экенин турмуш көрсөтүүдө дегендер бар.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат. Алгач президент, Жогорку Кеңеш жана жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерлер комитетте каралып, кийин жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылат.

Бозулан Ысаков, "Биричи радио"


Новости по дате