http://ktrk.kg/Ничке-Сайдагы кооптуу аймакта жашагандар убактылуу чатырларга көчүрүлдү

Ничке-Сайдагы кооптуу аймакта жашагандар убактылуу чатырларга көчүрүлдү

28 Март 2017 , 10:32 903

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ничке-Сай айылындагы жер көчкү коркунуч бар аймакта жашаган 47 үй-бүлө, убактылуу чатырларга көчүрүлдү. Айылдагы орто мектептин стадионуна жайгашкан 25 чатырга, 35 үй-бүлө жайгашты. 

Алты үй-бүлө мектептин спорт залы менен жер төлөсүнө, дагы алты үй-бүлө жакынкы айылдагы коопсуз жайдан орун алды. Дагы 31 үй-бүлөнү эртеңкиге чейин көчүрө турганын айыл башчы билдирди. 

Жергиликтүүлөрдүн учурдагы жашоо шартынан Жогорку Кенештин депутаттары кабар алды. Аалы Карашев, 26-мартта жер көчкүнүн курмандыгы болгон Өмүрзак Эгемкуловдун жакындарына көңүл айтып, Жогорку Кеңештин атынан 200 миң сомду маркумдун жакындарына тапшырды. 

Эл өкүлдөрү, тургундардын көйгөйү олуттуу экендигин белгилеп, бул маселелерди чечүүгө бир аз убакыт менен сабырдуулук керектигин айтып өтүштү.


Новости по дате