http://ktrk.kg/Күндүн тез жылышы кар көчкү түшүү коркунучун жогорулатат

Күндүн тез жылышы кар көчкү түшүү коркунучун жогорулатат

28 Март 2017 , 17:42 1681

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайына түшкөн кар көчкү 4 адамдын өмүрүн алып, 6 адам куткарылды. Кар көчкүнүн алдында калып, чыга албай каза болгон Транспорт министрлигинин жумушчуларынын эң кичүүсү 21 жашта болгон. Алар жолду көчкүдөн тазалап, күнүмдүк жумушун аткарып жүргөн маалда капыстан түшкөн кар көчкү басып калган.

“Бизди телефондун жарыгы ажалдын кучагынан сууруп чыккандай болду”, дейт жабырлануучу Азирет Валиев. Ал жубайы жана иниси үчөө 6 саат бою кар алдында муздак туткунда калышкан. Акырында жашоодон үмүтүн үзө башташканда куткаруучулар аларды телефондун жарыгынан улам байкап калышкан.
 “4 саат жакшы  эле отурдук. Ал эми 2 саат аба жетишпей кыйналдык. Өлөбүз го деп ойлодук. Телефондун жарыгынан улам куткаруучулар байкап калышты”,- дейт жабырлануучу Азирет Валиева.

 

Окуя 28-мартка караган түнү болгон. 8 миң куб метр көлөмдөгү кар көчкүсү “Тойота Пикап”, “Лексус” жана “Субару Легаси” үлгүсүндөгү үч унааны басып калган. Унаанын биринде транспорт министрлигинин 4 кызматкери болгон. Тилекке каршы, аларды куткарып калууга мүмкүн болгон эмес.
Ал эми үчүнчү унаада кош бойлуу аял да болгон. Ал унаадагы эки жүргүнчү менен бирге жабыр тарткан эмес. Алар азыр Токтогул аймактык ооруканасында.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсык болгон жерге дароо жетип барды. Ал эң эле биринчи жабыркагандардын жагдайынан кабар алды. Жалпысынан 6 киши куткарылган.
Быйыл Кыргызстандын аймагында кар нормадагыдан 300 пайызга ашык жааган. Күндүн тез жылыганынан улам жер катмары нымдалышып, көчкү жүрүү коркунучтары өсүп жатат. Тактап айтканда, 2017-жылдын акыркы 3 айында эле 126 кырсык катталып, анын 93үндө кар көчкүсү жүргөн. Кырсыктын кесепетинен 61 адам көз жумган. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 70 пайызга көп.
Адистердин айтымында, 1994-жылдан бери көчкү мынчалык көп түшө элек болчу. Алар азыркы абалды глобалдык жылуулуктун кесепетине байланыштырууда.
 "Кар быйыл эрте түштү. Тоңо элек жерге түштү дагы, кыш менен жерге сиңди. Эми жаз келиши менен топурак нымдуулукту кармай албай агып кетип жатат",- дейт ӨКМдин өкүлү Аманбай Сарногоев.
 

Азыр Тогуз-Тородо, Макмал жана Кара-Көө ашууларында, Алайда ошондой эле Ысык-Көлдүн кээ бир тоолуу аймактарында 2 метрге чейин кар жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдо жүргөндөрдү сак болууга чакырууда. Бишкек-Ош жолу болсо азыр ачык.



Новости по дате