http://ktrk.kg/Энергетика тармагы күз-кыш мезгилине эртелеп кам көрө баштады

Энергетика тармагы күз-кыш мезгилине эртелеп кам көрө баштады

28 Март 2017 , 17:52 16955

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл энергетика тармагы келерки күз-кыш мезгилине эртелеп кам көрө баштады. Баш-аягы 150 ашык көмөк чордондор оңдоодон өткөрүлүп, жаңылары пайдаланууга берилет. Бишкек жылуулук берүү борборун модернизациялоо жумуштары күздүн башында аяктап, Токтогул ГЭСин жаңылоо жумуштары да башталат. Электр жарыгын экспорттоо маселеси да каралып жатат. Ал эми 2016-2017-жылдагы кыштан чыгуу маалы ийгиликтүү аяктап, суунун көлөмү көп болгондуктан бир топ каражат үнөмдөлдү, -дейт энергетиктер. 

Кар калың түшкөндүктөн 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан көбүрөөк болуп, 12,7 млрд кубметрдин тегерегинде топтолоору күтүлүүдө. Кыш оор болгону менен суу мол чогулгандыктан былтыр кыштан кыйналбай чыктык,-дейт энергетиктер. Чектөөлөр жана негизгиси коңшу мамлекеттерден электр жарыгы импорттолгон жок. Тескерисинче көмүр менен көгүлтүр отту сарамжалдуу пайдаланып 715 млн сом үнөмдөлдү. Жоготуулар да азайып, бул да кошумча киреше берди.

“Кышты жыйынтыктап келе жатып айта кетет элек, өкмөт тарабынан, жетекчилик тарабынан көп көңүл бурулуп жатат. Былтыр кыш оор болду көп көлөмдө кар түштү, суук болду. Бирок ийгиликтүү даярдык болуп, өз маалында былтыртадан бери, мурдагы жылдан бери Бишкек шаарында канчалык чоң иштер жасалып, кабелдер алмаштырылгандын эсебинен акырындан билине баштады",- деди Улуттук энергохолдинг компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев.  

Бөлүштүрүүчү энерго компаниялардын жоготуулары азайып, бул да кошумча киреше алып келди. Авария болгон маалда гана болбосо жарыкты чектөө болгон жок. Жылдагыга караганда дебитордук карыз да төмөнүрөөк. Былтыркы жылы жалпы болуп 12,6 млрд Кватт электр жарыгы сарпталган.
Быйылкы жылы энергетика тармагында бир топ иштер аткарылганы турат. Ириде сентябрь айына чейин Бишкек ТЭЦнин модернизация жумуштары бүткөрүлөт. Ага чейин 1-агрегаты сыноо иретинде убактылуу иштетилди. Эми 2-агрегаты да сыналат. Айбек Калиев бул жумуштар аяктаса кошумча 300 мегаВатт кубаттуулук кошулаарын билдирди. Токтогул ГЭСиндеги кабелдер алмаштырылат. “Северный”, “Спорт” менен “Орто-Сай” көмөк чордондору жаңы курулат, ал эми реконструкция болгон “Восточный”, “Кара-Суу”, “Кызыл-Аскер” көмөк чордондору пайдаланууга берилет.

Апрель айынын башында аба ырайынын кескин суук болоору күтүлүп жаткандыктан жылуулук азырынча өчүрүлбөйт. кийинки айда аба ырайы туруктуу жылуу болуп калган учурда жылуулук берүү токтотулат. Учурда Бишкек шаардык жылуулук берүү борборунда жетиштүү деңгээлдеги көмүрдүн кору бар жана ал кенен жетет.








Новости по дате