http://ktrk.kg/Бишкек-Ош жолунда көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек-Ош жолунда көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүрүүдө

30 Март 2017 , 3:40 944

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат унаа жолдорунун кооптуу аймактарында топтолгон калың карды, тоодон атайылап атып түшүрүү иштери башталды. Жеринде ӨКМ, Ош облусунун жарандык коргонуу кызматкерлери, милициянын күчтөрү жана тез жардам бригадасы биргеликте иш алып барууда. 

Унаа министрлигинин атайын техникалары тартылган. ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык аталган жолдордогу унаа кыймылы толугу менен токтотулбайт. Кар көчкүлөрдү атып түшүрүү учурунда гана убактылуу жабылып турат.




Новости по дате