http://ktrk.kg/Кадамжайда жол кырсыгына кабылган эки аскердин абалы оор

Кадамжайда жол кырсыгына кабылган эки аскердин абалы оор

31 Март 2017 , 6:06 907

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жоокердин абалы оор. Бул туурасында Ош шаардык аскердик госпиталдын жетекчиси билдирди. 

Ооруканадагы дагы 7 жоокердин абалы канааттандыраарлык. Калган 20 аскер Оштогу аскер госпиталында дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, жоокерлердин көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалган. Дагы бирөөсүнүн буту сынган, ага операция жасалды. 

"Негизинен аскерлердин баарынын баш мээси чайкалган, дагы бир аскердин буту сынган, азыр баарына дары-дармек жетиштүү",- деп билдирди Ош шаарындагы аскердик бейтапкананын башчысы Арстанбек Курбанкулов.

Маалымат бере кетсек, 27-март күнү аскердик унаа жол кырсыгына кабылып, жол жээгиндеги турак-үйдү сүзүп токтогон. Натыйжада, унаадагы жабыркаган 29 аскер ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда бул иш боюнча Аскер прокуратурасы тарабынын иликтөө иштери жүрүп жатат.

Новости по дате