http://ktrk.kg/Кар көчкү туткунунан аман чыккандар

Кар көчкү туткунунан аман чыккандар

31 Март 2017 , 17:17 1779

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Үч күн мурда дагы "Чычкан" капчыгайынан кар көчкү үч унааны басып калган. Алардын ичинен бир унаадагы жол тазалоочу ишкананын төрт кызматкерин тирүү сактап калуу мүмкүн болбой калган. Калган эки унаадагы алты жүргүнчүнүн ичер суусу бар болгондуктан тирүү калды. 

Куткарылып алынган алты жаран ден соолугунан эч бир жабыр тарткан эмес. 

Экинчи унаа көчкүнүн ортосунда калгандыктан, мындагы жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактап калуу бүдөмүк ойду жараткан. Унаага жеткенге чейин карды тазалоого эле алты саат корогон. Бул аралыкта, унаанын ичиндегилерге аба жетпей думуга баштаган. 

Үч күн мурун эле, өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөшкөн Азирет, чыныгы бакыт- жакын туугандардын кучагында, киндик кан тамган туулган жерде экенине дагы бир ирет ынандым- дейт. Азыр жаш жубайлар, бардык жаман ойду артка таштап, алдыдагы бакыт тартуулай турган күндү- тун наристесинин төрөлүшүн күтүп отурган чагы. 


Новости по дате