http://ktrk.kg/Кар жана жер көчкү түшкөн унаа жолдор тазаланууда

Кар жана жер көчкү түшкөн унаа жолдор тазаланууда

10 Апр 2017 , 6:05 737

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда өлкө аймагындагы бир катар автоунаа жолдору кар жана жер көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу жабык турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде Исфана-Сүлүктү автоунаа жолунда жер көчкү катталып, жолчулар бүгүн тазалоо иштерин баштады. Учурда бул аймакта айдоочулар айланма жол аркылуу каттап жатышат. Ал эми Бишкек-Ош жолунун 252-чакырымына түшкөн жер көчкү күн мурун тазаланып, түндө жол толук ачылды. 9-апрелде Аксы районунун Сай-Булуң айылынын Ак-Терек участкасында болжол менен 5 миң куб метр жер көчкү түшүп, 30 үй-бүлөнү байланыштырган ички чарбалык жол жабылды. Аталган айылда жолду тазалоо иштери бүгүн башталат. 

Мындан сырткары, Өзгөн районунун Жаңгакты айылынын Токто участкасында жер көчкү түшүп, жолчулар тазалоо иштерин баштоо алдында турушат. Ошондой эле, Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү катуу шамалдан улам, Торугарт-Көк-Кыя-Кынды унаа жолунда кар күрткүлөрү пайда болуп, Ак-Сай өрөөнүндө жол жабылып калган. Учурда тазалоо иштери уланууда.


Новости по дате