http://ktrk.kg/Өкмөт спортчуларга шарт түзүп берет

Өкмөт спортчуларга шарт түзүп берет

24 Фев 2016 , 22:03 1345

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт тараптан спортчуларга тийиштүү шарт түзүү үчүн бардык аракеттер жумшалат. Бул туурасында премьер-министри Темир Сариев тийиштүү мамлекеттик ведомство жетекчилери менен өткөн иштиктүү кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Сариев - өкмөттүн келечектүү милдеттеринин бири катары спорттук базаларды куруу, машыктыруучулар курамынын маселесин чечүү, спорттук резервди даярдоо, массалык спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу керек экенин баса белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө Кыргызстандын Улуттук курама командаларын даярдоо борборунун эскиздик долбоору да көрсөтүлдү. Анда айтылгандай, долбоорго ылайык Улуттук даярдоо борборунун аймагында трибунасы менен футболдук талаа, медициналык борбор, кичи футболдук аянттар, ар-кыл спорттун түрү боюнча машыгуу залдары иш алып барат.

Новости по дате