http://ktrk.kg/Кадыркул Өмүркулов тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак

Кадыркул Өмүркулов тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак

26 Фев 2016 , 11:20 1121

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү кинодраматург, прозаик жана коомдук ишмер Кадыркул Өмүркулов тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. Ал кыска өмүрүндө кыргыз киносу менен адабиятка салмактуу салым кошуу менен журналистикада өз ордун тапкан. “Тарых жана маданият” жылынын алкагында жазуучунун 75 жылдыгына арналган «Өмүрү элге арналган инсан» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү Бишкекте өттү. Иш-чарага анын калемдештери, достору жана маданият ишмерлери катышып, жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеп болду.  

Кыргыз эл жазуучусу 1964-жылы “Кызыл Аянт” деген документалдуу фильмге сценарий жазып чыгармачыл жолун баштаган.  1965-жылы Бүткүл союздук кинематографисттер институтун бүткөн жылы таланттуу кинорежиссер Төлөмүш Океев менен биргеликте “Бакайдын жайыты” аттуу кинофильмдин сценарийин жазып, кино жана адабий чөйрөдө аты чыккан. Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун айтымында 60-жылдарда Өмүркулов баш болгон таланттуу инсандардын маданият чөйрөсүнө келүүсү кыргыз исскуствосу, кино жана адабият тармагына чоң табылга болгон.

Өмүркулов 1971-жылдарга чейин Кыргызстан мамлекеттик кинокомитетинде жана “Кыргызфильм” киностудиясында башкы редактор, 1976-жылдары мекеменин директору болуп эмгектенсе, 1976-1993-жылдар аралыгында Жаңылык Басылмалар Агентствосунда жетекчилик кызматта жана Мамлекеттик Улуттук телерадиоберүү компаниясынын президенти болуп эмгектенген. Ал эми Кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымов Өмүркуловду кино жана телерадио тармагында иштеп турган мезгилинде профессионалдык чеберчиликке, улуттук рухий маданиятты өстүрүүгө аракеттенип, уюштуруу ишине чоң көңүл бурган дейт.

1968-жылы “Бакайдын жайыты” кинотасмасы үчүн Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болуп, 1979-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган. Ошондой эле, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу наамы берилип, “Эл достугу” ордени  жана “Даңк” медалы менен сыйланган.

Новости по дате