http://ktrk.kg/Тарых жана маданият жылына карата даярдыктар

Тарых жана маданият жылына карата даярдыктар

29 Фев 2016 , 4:19 5466

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өтүп бараткан жумада Тарых жана маданият жылына даярдануу жана өткөрүү боюнча дирекциянын директору Султан Раев бул жылы кандай иш-чаралар өтөрү тууралуу маалымат берди. 

Ошондой эле бөлүнгөн каражатты дагы айтты - 100 млн сомго жакын. Быйыл биринчи жолу спектаклдерди коюуга атайын каражат бөлүндү. 

Дирекция башчысы - иш-чаралар жарандарды кубаттуу, өнүккөн өлкөнү курууга үндөөрүн белгиледи. Айжан Омолдошева кененирээк айтып берет.

 

Ал ортодо маданият жана тарых жылын жаш демилгечилер да колдоп чыгышты. Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү имараттардын биринде белгилүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү дубалга тартылды. 

Мындай сүрөттү жаратуу үчүн Дмитрий Петровский менен Сергей Келлер аны алдын ала карандаш менен тартып алып, андан кийин болгарка, чеккич жана балканы пайдаланышкан. Бул эмгекти алар 4 күндүн ичинде толук тартып бүтүрүшкөн.
Кененирээк Айжан Омолдошеванын материалында:


Новости по дате