http://ktrk.kg/Т.Сариев: "Маданият-Тарых-Тил" телеканалы улуттук баалуулуктардын жарчысы"

Т.Сариев: "Маданият-Тарых-Тил" телеканалы улуттук баалуулуктардын жарчысы"

1 Март 2016 , 16:19 8157

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул убакта Коомдук телерадиоберүү корпорациясында "Маданият-Тарых-Тил" жаңы телеканалынын салтанаттуу ачылыш аземи түз эфирде өтүп жатат. 

Аземдин коноктору Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева, премьер-министр Т.Сариев, маданият, маалымат жана туризм министри А.Максутов жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышууда.  


Премьер-министр Темир Сариев аталган каналдын ачылышы быйылкы «Тарых жана маданият жылында» жана улуттук маданият жана искусствону сактоо, өнүктүрүү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи

«Бул канал элибиздин көкүрөгүн агарта турган, руханий асыл дөөлөттөрдү, баалуулуктарды элге жеткире турган канал болот деген үмүттөмүн. Мындай каналга көрүүчүлөр көп жылдан бери суусап келген. Маданият каналы аркылуу элибизге улуттук жана дүйнөлүк руханий баалуулуктардын асыл берметтерин тартууланмакчы. Азыркыдай маалымат менен технологиянын заманында улуттун көөнөрбөс байлыктарын, улуу мурастарды сактап калуу үчүн телеканалдын мааниси чоң», – деди Темир Сариев.


Мындан тышкары, Темир Сариев 2016-жылдын “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланышы чоң руханий жана саясий мааниге ээ чечим экенин жана анын максаты байыркы жана мазмундуу тарыхыбыздан сабак алып, бай маданиятыбызга таянып, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө багытталганын билдирди.




Новости по дате