http://ktrk.kg/Ботаникалык бакка ветеринардык лаборатория куруу сунушуна чекит коюлду

Ботаникалык бакка ветеринардык лаборатория куруу сунушуна чекит коюлду

8 Авг 2017 , 3:42 1981

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр  жай жана мелиорация министрлигинин Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакка ветеринардык лаборатория  куруу  сунушуна  чекит  коюлду. Президент Алмазбек  Атамбаев  аталган  бакка экологиялык залака келбеши үчүн лабораторияны куруу боюнча башка чечим иштеп чыгууну өкмөткө сунуштады. Ботаникалык багынын аймагына лаборатория куруу мыйзамга  каршы келет  жана ал жердеги сейрек өсүмдүктөр коркунучка кабылат. 

Ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынын курамынан чыгарып, “улуттук” даражасын ыйгаруу менен өз алдынча илимий-изилдөө мекемесине айлантуу зарылдыгын белгиледи өлкө башчы. Мамлекет башчынын  бул айткандарын  экологдор  жана  айыл чарбасы боюнча  талдоочулар  кубаттоого  алып, ветеринардык лаборатория  суу жээгине  жана  эл жашаган аймакка курулса  адам өмүрүнө жана  жаратылышка  олуттуу  зыян алып  келет дешет алар. 

 Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"

Новости по дате