http://ktrk.kg/Ак илбирсти коргоого алуу мезгил талабы

Ак илбирсти коргоого алуу мезгил талабы

11 Авг 2017 , 16:25 2493

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ак илбирс эки жылда бир жолу гана төлдөйт. Андыктан алардын саны оңой менен көбөйбөйт. Дүйнө жүзү боюнча 5 миңден ашык гана ак илбирс калганы айтылат. Дал ушул ак илбирстин тукумун сактап калууга багытталган эл аралык форум август айынын акыркы күндөрү Бишкекте өтөт. Саамалыкка илбирс байырлаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү келеери күтүлүүдө.

Болжол менен Кыргызстанда 300 ашык ак илбирс бар деген маалымат бар. Анын 25и Жети-Өгүздөгү Сарычат-Эрташ коругун байырлаган. Бул мониторингди “Кыргызстандагы илбирсти коргоо” коомдук фонду фотокапкандын жардамы менен жүргүзгөн. Андагы кызматкерлер ар бир илбирске ысым ыйгарган. Бул сүрөттөгү Илбирстин аты - Баатыр эне.

Фотокапкандар күз айында 2 айга орнотулат. Ал аймакка кар калың түшүп, жол жабылып калса фотокапкандар жазга чейин кала берет. Ошентип Сарычат-Эрташ коругунда жылына 40 фотокапкан илбирстердин жашоосун көзөмөлдөйт. Сапаттуу бир фотокапкандын баасы 450 доллар.

Ак илбирс - деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктиктеги тоо кыркаларында өмүр сүрөт. Бул сейрек кездешүүчү жаныбарлар жырткыч эмес экенин Ак илбирсти жакындан сүрөткө түшүгөн фотограф Владислав Ушаков айтат. Ал илбирс тууралуу китептерди чыгаруу менен алектенет. Ак илбирс Кыргызстандан тышкары дагы 11 өлкөнү байырлайт. Жапайы жаныбар жоголуп бараткан жаныбарлардын катарын толуктайт. Андыктан аны коргоого алуу мезгил талабы.


Новости по дате