http://ktrk.kg/Телерадиоуюмдардын маалыматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу жаңы мыйзам иштей баштады

Телерадиоуюмдардын маалыматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу жаңы мыйзам иштей баштады

15 Авг 2017 , 16:15 1362

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эми уктуруулардын мазмуну менен мамлекеттик тил боюнча коюлган талаптын аткарылышына эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көзөмөл жүргүзөт. Министрлик,Жогорку Кеңешке көрсөтүүлөрүнүн 50 пайызы өз продукциялары эмес, мамлекеттик тилдеги көрсөтүүлөрү да жалпы эфиринин жарымына жетпеген жергиликтүү телеканалдарга карата колдонула турган чараларды сунуштаган. 

Телерадиокомпанияларга коюлган талаптар аткарылбай келген. Эми жаңыланган мыйзамда аны көзөмөлдөй турган мекеме көрсөтүлдү. Мамлекеттик тилдеги берүүлөр 50 пайыздан кем болбошу керек деген талап негизги эрежелердин бири болуп саналат. Бул медианын коомдогу орду жогору экенин эске алып, кыргыз тилин өнүктүрүү максатында киргизилген.

Мындан сырткары көрсөтүүлөрдүн 50 пайызы жергиликтүү телеканалдын өзү өндүргөн продукциясы болушу керек деген да талап бар. Бул маалымат каражаттарын эмгектенүүгө мажбурлайт. Бирок эрежени сактабаган тараптарга кандай чараларды колдонуу керектиги көрсөтүлгөн эмес. Министрлик бул маселе жыл соңуна чейин чечилээрин белгилейт. Мекеме бир нече ирет эреже бузган телеканалдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюну сунуштоодо.

Айрым телеканалардар чет элдик көрсөтүүлөрдү ретрансляциялоо менен гана алек. Ал эми жарнамадан түшкөн киришелери жүздөгөн адамдар эмгектенген телеканалардан кем калышпайт. Көзөмөл күчөсө атаандаштыктагы адилеттүүлүк камсыз болот. Мыйзам КТРКга таасир этпейт. Себеби анда камтылган эрежелер корпорация тарабынан мурда эле сакталып келген. Көрсөтүү, уктуруулардын 80 пайызы өздүк продукция болуп саналат.

Мындан ары эми телеканалдар Маданият, маалымат жана туризм министрлигине көрсөтүүлөрү, жалпы иш багыты тууралуу айтып берип, иштөөгө укук алат. Мыйзамдын аткарылышына министрликтин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти көзөмөл жүргүзөт.


Новости по дате