http://ktrk.kg/Сереп: өлкөдө жаш кадрлар жетекчилик кызматтарга келе баштады

Сереп: өлкөдө жаш кадрлар жетекчилик кызматтарга келе баштады

18 Авг 2017 , 5:39 1786

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы убактарда мамлекеттик жооптуу жетекчилик кызматтарга жаңы, жаш кадрлардын келе баштагандыгына күбө болуудабыз. Өлкөбүз сапаттык жаңы баскычка чыгар алдында билимдүү жана демилгелүү, таза кадрларга басым жасалып жатуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай жаңылануу жана жашаруу мамлекеттик жана муниципалдык башка органдарда да болуусун мезгил талап кылууда. Өз тажрыйбасынын негизинде жаш курактагы кызматкерлер топтолгон мамлекет өнүгүп өсөт. Тажрыйба менен жаш күч-кубатты айкалыштыруу бул жигердүү иштин ачкычы дешет адистер. 

Сталиндин “кадрлар бардык нерсени чечет” дегени бекеринен айтылбаса керек. Анткени бүгүнкү күндө мамлекеттик структурада жаш кадрлардын тажрыйбасы аз болгону менен өлкөнү алдыга карай сүрөөдө кандайдыр бир деңгээлде салымдарын кошуп келүүдө. Кененирээк аудиодон укса болот.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Новости по дате