http://ktrk.kg/Cот укук реформасынын маанилүү жана негизги бөлүгү жыйынтыкталды

Cот укук реформасынын маанилүү жана негизги бөлүгү жыйынтыкталды

24 Авг 2017 , 15:16 31458

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Азыркы учурда адамды жазага тартууда ага катаал чара колдонуу ыкмасы кеңири жайылган. Ал эми жаңы кабыл алынган кодекстердин ишке кириши менен гумандуулукка басым жасалмакчы. Белгилүү болгондой, буга чейин адистер азыркы иштеп жаткан бардык кылмыш жаза жана жарандык кодекстерди кайра иштеп чыгышкан. Мындан сырткары "Жоруктар жөнүндөгү" жаңы кодекс даярдалган.

Мындан бир нече ай мурун Кыргызстанда сот укук реформасынын маанилүү жана негизги бөлүгү жыйынтыкталды. Ага чейин парламент кесипкөй адистер иштеп чыккан ондогон кодекстерди жактырып, кабыл алды. Биринчи жолу административдик процессуалдык кодекс, тартип бузуу жөнүндө жана жоруктар тууралуу кодекс кабыл алынды.

Дагы бир олуттуу маселе- сот тармагын материалдык техникалык жактан камсыздоо. Сот имараттарынын абалы начар, аларга жылдап оңдоо иштери жүргүзүлө элек. Бул маселени мамлекет акырындап чечүүгө киришти. Сот системасынын бюджети акыркы беш жылда төрт эсеге көбөйдү.


Новости по дате