http://ktrk.kg/Белгилүү балерина Рейна Чокоеваны майрамга карата куттукташты

Белгилүү балерина Рейна Чокоеваны майрамга карата куттукташты

4 Март 2016 , 4:54 803

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнө суктанган сейрек талант - балерина Рейна Чокоеваны Фрунзе атындагы музейдин жамааты жана жаштар 8 - март айымдардын майрамы менен куттукташты. Иш чараны мекеме жыл сайын мамлекеттик деңгээлде уюштуруп келет. Бул жолу "Лидер" жаштар клубунун таланттуу мүчөлөрү Рейна Чокоеваны майрамы менен куттуктап, ыр белек сунуп, бийчинин кеп кеңешин угушту. 

Белгилей кетсек, Рейна Чокоева Ленинграддагы хореографиялык окуу жайды бүтүп, өмүрүн кыргыз балетине арнаган. Ал “Чолпон”, “Жизель”, “Баядерка” сыяктуу балеттерде башкы ролду аткарган. 80ге жашы таяп калган балерина учурда ардактуу эс алууда.



Новости по дате