http://ktrk.kg/Казак-кыргыз айтышы жыйынтыкталды

Казак-кыргыз айтышы жыйынтыкталды

1 Сент 2017 , 9:23 2122

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

31августа, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда, Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган 11- эл аралык казак-кыргыз айтышы жыйынтыкталды. 

Улуттук өнөрдү өстүрүүнү колго алган “Айтыш” коомдук фонду 1миллион, “Ак фонд” жана Тууганбай Абдиев атындагы фонд туугандардын жардамы менен 1 миллион топтосо, аларды колдоп-коштогон Кыргыз Республикасынын президенти 100 миң сом,өкмөтү 100 миң сом жана Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 80 миң сом бпйге фондуна кошумча берилди. Зал толо келген айтыш күйөмандарынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү да болду. 

Эң башкысы эгиз элдин төкмөлөрү туугандык таарынычын, тарыхтагы даңазасын,  ажырагыс бир туугандык алакасын камтыганыр саптарын куюлтуп турушту, айтыш сүйгөн көпчүлүк сүрөп турду. Коомчулукта айтылып жаткандай калыстардын чечиминде кыргыз же казак жеңди деген чечим болгон жок, эки элдин тең  чыгаан акындарына арналган байгелерин тапшырды.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”



Новости по дате