http://ktrk.kg/Ош: Тажикстандын жараны 5 кг баңги заты менен кармалды

Ош: Тажикстандын жараны 5 кг баңги заты менен кармалды

6 Сент 2017 , 4:43 24887

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусунун Ноокат районунда 47 жаштагы Тажикстандын жараны 5 кг баңги заты менен кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери тинтүү учурунда коробканын ичинде катылган 5 кг опийимди таап чыгыккан. 

Учурда бул факты боюнча Кылмыш Жаза Кодексинин Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү жана сатуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү делген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.


Новости по дате