http://ktrk.kg/Кыргыз - өзбек чек ара тилкесиндеги "Достук" өткөрмө бекети ачылды

Кыргыз - өзбек чек ара тилкесиндеги "Достук" өткөрмө бекети ачылды

7 Сент 2017 , 16:32 2119

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

6-сентябрда Кыргызстандын Ош облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан "Достук" көзөмөл-өткөрмө бекетинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. 

Ага эки коңшу өлкөнүн расмий өкүлдөрү, жетекчилер жана чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундары катышты. Бул өткөрмө бекети Ош окуяларында бир жактуу тартипте өзбек тарабынан жабылган. Ал 2011-жылдан тарта бир катар чектөөлөр менен кайрадан иштеп баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чакыруулар жана телеграммалар боюнча гана өтүп келген. 

Башка өлкөлөрдүн гана жарандары жана транзит менен жүргөн транспорттор тоскоолдуксуз өтчү. Эми мындай чектөөлөрдүн алынары айтылууда.



Новости по дате