http://ktrk.kg/Ботаникалык бактын  жетекчиси кызматынан бошотулду

Ботаникалык бактын жетекчиси кызматынан бошотулду

14 Сент 2017 , 5:49 847

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Медет Ахматов Улуттук илимдер академиясынын Гареев атындагы Ботаникалык багынын директорунун милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду.

Мындай чечимди премьер-министр Сапар Исаков Ботаникалык бакта бир нече жолу чыккан өрттүн себептерин аныктоонун жыйынтыгында кабыл алды. 2017-жылдын июль-август айларында Ботаникалык бактын аймагында 8 жолу өрт кырсыгы катталган. 

Ага сырттан өткөн адамдардын тамеки калдыктарын таштап, жоопкерчиликсиз мамиле кылганы себеп болгон. Буга чейин МамЭкотех инспекциясы бактар убагында сугарылбагандыктан, алар кургап калып, куураган бактардын жалбырактары убагында тазаланган эмес деп, бир топ коопсуздук чаралары боюнча бир нече көрсөтмө берген. Бирок мекеменин жетекчилиги талаптарды толук аткарган эмес.




Новости по дате