http://ktrk.kg/Бабановдун Назарбаев менен жолугушуусу коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды

Бабановдун Назарбаев менен жолугушуусу коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды

20 Сент 2017 , 3:52 1067

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке ат салышкан талапкерлердин бири менен жолугушкандыгы үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коңшу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине каршылык нотасын жөнөттү. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей Кыргызстан тарап бул жолугушууну өлкөнүн ички саясатына жана шайлоого кийлигишүү катары баалады.


Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусун саясий серепчилер коңшу өлкөнүн мамлекет башчысы тарабынан Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү катары сыпаттап жатышат. Анын үстүнө шайлоо, үгүт маалы кызып турганда мындай жолугушуу моралдык жактан ыксыз көрүнүш болуп калды-дейт Марат Казакпаев. Талдоочулардын пикиринде саясатта дегеле дүйнөлүк саясий практикада мындай жолугушуулар каралган эмес.

Нурсултан Назарбаевдин Бабанов менен жолугушуусу тууралуу маалымат адегенде коңшу өлкөнүн мамлекет башчысынын интернеттеги баракчасында андан кийин социалдык түйүндөрдө жарыя болду. Казакстандын мамлекет башчысы менен Бабановдун жолугушуусу тууралуу маалыматка Казакстандын расмий маалымат каражаттары да орун берди. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дароо Казакстандын убактылуу ишенимдүү өкүлү Рымтай Карибжановду чакыртып, ага президенттикке талапкерлердин бири менен Назарбаевдин жолугушуусу боюнча каршылык нотасын ыйгарды. Нотанын текстинде төмөнкүлөр маалымдалат:

Назарбаев менен Бабановдун баарлашуусунда эки өлкө ортосундагы бийик достук мамиле тууралуу бир нече ирет белгиленген. Ошол эле учурда социалдык тармактарда Казакстан бир нече ай бою чек араны бир тараптуу жаап турган учурда кыргызстандык өндүрүшчүлөр катуу жапа чеккени эскерилип, талкууланып жатат. Социалдык тармакта пикир калтыргандар бул маселени чечүүгө ошондо эмне үчүн жардам берген эмес деп да оюн билдирди.





Новости по дате