http://ktrk.kg/Бишкекте агрардык багыттагы кезектеги жарманке өтүп жатат

Бишкекте агрардык багыттагы кезектеги жарманке өтүп жатат

21 Сент 2017 , 16:59 17527

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мында тамак-аш, кийим-кечеден сырткары айыл чарбасына зарыл болгон техникалар менен жер семирткичтердин түрлөрү коюлду. Иш-чарага чет элдик ишкерлер да келишкен. Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда «АгроПродЭкспо-2017» деп аталган эл аралык жарманке ачылды. Жыл сайын уюштурулуп жүргөн мындай иш-чара быйыл 13-ирет уюштурулууда. Ата мекендик жана чет элдик компаниялар өндүргөн товарларын бүгүнкү көргөзмөгө алып чыгышкан.

Өзбекстан Республикасынан келген ишкер Рухматулла Ахмедов дүйнөгө ширин көз карашта. Ал таттуулардын жыйырмадан ашык түрүн бүгүнкү жарманкеге алып келген. Сапаты жагынан атаандаштарынан мыкты болуш үчүн италиялык технологияны колдонот. Ал эми Дмитрий Пасынков Орусиянын Киров шаарынан келген. Элге колдонулган тракторлорду оңдоп сатат. Бул ыкма менен азырынча Казакстанда өз кардарларын тапкан. Анын айтымында жаны тракторлордун баасы кымбат, андыктан колдонулган тракторлорду иштетип жаңысына акча чогултса болот. Иш-чаранын максаты жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлерге тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп берүү. Өлкө аймагында өндүрүлгөн товарларды чет өлкөгө жайылтуу менен үй-бүлөлүк жана өлкө экономикасын дагы чыңдоого салым кошуу.



Новости по дате