http://ktrk.kg/Ордо калаадагы мектептердин жанына кошумча эскертүү белгилери орнотулууда

Ордо калаадагы мектептердин жанына кошумча эскертүү белгилери орнотулууда

28 Сент 2017 , 17:30 650

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы окуу жылы башталып, жеткинчектердин жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу багытында бир топ чаралар көрүлүп жатат. Ордо калаанын Патрулдук милиция башкармалыгы мектептердин жанына кошумча эскертүү белгилерин орнотууда. Мындан сырткары туура эмес жерге токтогон айдоочулардын унааларына атайын кулпу салына баштады.

Окуу жылынын башталышы менен мектеп окуучуларынын жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча бир топ чаралар көрүлүүдө. Алсак, билим уяларында жолдо жүрүү эрежелери чагылдырылган атайын стенддер, дубал газеталары жана көргөзмөлөр уюштурулуп келет. 

Ал эми Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан жолго жакын жайгашкан мектептердин алдына айдоочуларга эскертме катары жүгүртмө саптар орнотулду. Азырынча Бишкекте күнү-түнү иштей турган 9 жүгүртмө сап бар.. Мектептин жетекчилиги билдиргендей, мындай чаралар окуучулардын коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизет.



Мындан сырткары чоң жолдордун кесилишинде орун алган LED-экрандарга жолдо жүрүү эрежелери тууралуу роликтер көрсөтүлүүдө. Жүгүртмө саптар менен LED экрандарды орнотуу шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу алдында ишке ашты.

Белгилей кетсек, буга чейин патрулдук милиция башкармалыгы автоунаасын туура эмес жерге токтоткондорду жазалоо үчүн жаңылыктарды киргизерин билдирген. Айрым кыйынчылыктарга дуушар болгондугуна карабастан, айтылуу "кулпулоочу каражаттар" иш жүзүндө колдонула баштады. Келечекте өлкөдөгү ар бир мектептин алдына жүгүртмө саптар орнотулуп, республиканын баардык аймактарында унааларга кулпу салуу каражаты колдонулат.




Новости по дате