http://ktrk.kg/Ош шаарында Өзбекстандын маданият күндөрү өткөрүлдү

Ош шаарында Өзбекстандын маданият күндөрү өткөрүлдү

10 Окт 2017 , 13:31 704

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн экинчи борборунда калаа тургундары жана коноктор өзбек салт-санаалары менен чыгармаларына күбө болушту. Иш-чара “Чөл ханышасы” көркөм тасмасын көрсөтүү менен башталган. 

Коңшу өлкөнүн өкүлдөрү шаан-шөкөт менен тосуп алынды. Өзбекстандан 70тей артисткелди. Анын алдында концерт Бишкек шаарында да өткөрүлгөн.

“Кыргыз эли биздин жылуу тосуп алды. Концерт жакшы маанайда, жогорку деңгээлде өттү.Биз чарчоону да унуттук. Бул эки элдин түбөлүк достугунан кабар берет.”- деп билдирди Өзбекстандын Маданият министринин биринчи орун басары Озодбек Назарбеков.

Иш-чара Султан Ибраимов атындагы Улуттук драмалык театрда концерт менен уланды. Ырчы,бийчилер дээрлик бир жыл даярдык көрүшкөн. Айрым өнөрпоздор үчүн кыргыз сахнасына чыгуу сыймык.
Ырчы Райхон да өз сөзүндө, ар бир артистти, ар бир номерди жылуу кабыл алышканын айтып,  биз бир эл экенибизди белгилеп  өттү. 

Концерт, оюн-зоокту көрүү үчүн миңдеген адамдарчогулду. Ар бир артистти катуу кол чабуулар менен тосуп, узатышты. Көрүүчүлөр бул күндү чыдамсыздык менен күткөндөй.

 “Өзбекстан” бий ансамблинин башкы балетмейстери жана көркөм жетекчиси Кадыр Муминов айтты,
“Искусство дайым элдерди жакындатып келген. Себеби искусствого чек аранын кереги жок. Биздин элибизде “коңшуңда баары жакшы болсо, сенде да жакшы болот”деген сөз бар. Андыктан Кыргызстандагы тынчтык, биздин тынчтыгыбыз.”

Мунуменен маданият кербени жыйынтыкталган жок. Буга чейин жетишилген келишимге ылайык ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп турат. 2018-жылы Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү үчүн Ташкент кыргыз артисттерин тосуп алат.










Новости по дате