http://ktrk.kg/Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө кыйынчылыктар жаралууда

Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө кыйынчылыктар жаралууда

11 Окт 2017 , 17:41 1641

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө үч бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Кыргызстандын Чек ара кызматынын кабарлашынча, Таластагы Чоң-Капка жана Чүйдөгү «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кечээтен бери кырдаал кыйындады.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы абалды ошондой эле алдыдагы аба ырайынын суук болушун эске алуу менен премьер-министр Сапар Исаков, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды ысык тамак-аш, ичүүчү суу жана биотуалеттер менен камсыз кылууну жана чатыр тигүүнү тапшырды. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына дарыгерлер тобун бөлүүнү, түнү-күнү медициналык тез жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну милдеттендирди.


Новости по дате